• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү төмөндөп жатат

23 Бештин айы 202410:56 Бишкек Govori.TV

23-декабрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 641 миллион кубометрди түздү. Бул тууралуу маалыматты «Электр станциялары» ААК билдирет.

9-декабрдан бери Токтогул суу сактагычындагы суунун деңгээли 756,2 миллион метр кубга азайды.

23-декабрга карата суунун агып кириши секундасына 183 куб метрди түзүүдө, агып чыгышы -секундасына 777 метр куб. түзүүдө.

2023-жылдын ушул эле күнү Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 10 миллиард 663 миллион метр куб болгон. Ал эми агып кирген суунун көлөмү секундасына 162 куб метрди түздү, агып чыгышы — секундасына 661 кубометр болгон.

Количество просмотров: 250