4-июнда борбор калаанын бир катар даректеринде суу болбойт.
Маалыматка ылайык, 4-июнда саат 09:00дөн 00:00гө чейин Ала-Арча суусу – Байтик Баатыр көчөсүнөн – Түштүк Чоң Чүй каналына (ТЧЧК) чейинки аймакта, ошондой эле Ала-Арча-3 конушунда суу берүү токтотулат.
Суу МИКтин котлованындагы суу агууну аныктоо боюнча авариялык-издөө иштерин жүргүзүү зарылдыгына байланыштуу өчүрүлмөкчү.