Токтогулда алдамчылыкка шектелип 24 жаштагы аял киши кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 20-ноябрь күнү милицияга Токтогул районун 14 тургуну арыз менен кайрылган.
Анда, 2024-жылдын 15-август күнү Токтогул шаарынын убактылуу жашоочусу А.Т. аттуу келин алардын ишеничине кирип, аларды ар кайсыл банктан кредит алдыртып, алган суммасынын 10% пайызын мен банктан үстөк пайызын кыскартып беремин деп алдап кеткени жазылган.
Натыйжада 14 жаран жалпы сумма 2,169,200 (эки миллион бир жүз алтымыш тогуз миң) сомдук чыгым тартышкан.
Аталган факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен катталып, кылмыш иши козголгон.
21-ноябрда Токтогул РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлеринин ыкчам иш аракеттеринин негизинде, 2000-жылы туулган Ноокен районунун тургуну А.Т. аттуу келин Бишкек шаарынан кармалып, Токтогул РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Ал эми 2024-жылдын 22-ноябрь күнү Токтогул райондук соту тарабынан бөгөт коюу чарасы тандалып алынып, камакка алынган.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.