• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Токтогулда жаран сабалып каза болду. Шектүүлөр кармалды

29 Бирдин айы 2024 16:11 Бишкек Govori.TV

Токтогул милициясы адам өлтүрүү фактысынын бетин ачты. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 28-февраль күнү саат 13:57 чамасында Токтогул районундагы үйлөрдүн биринде 35-40 жаш чамасындагы эркек адамдын денесинде жарааттары бар, киши колдуу болуп каза болгон жансыз денеси табылган.

Окуя болгон жерге Токтогул РИИБдин жетекчилиги, ыкчам-тергөө тобу, прокуратура кызматкерлери чыгып, кароо жүргүзүлүп, тиешелүү материалдар топтолгон. Бул окуя Токтогул РИИБдин тергөө кызматы тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен катталып, кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

«Токтогул милициясы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмыш ишинин бети изи сууй электе ачылган. Кылмышка шектүү катары Токтогул районунун тургундары 1984-ж.т. А.Б., 1989-ж.т. М.Г. жана Талас облусунун Бакай-Ата районунун тургуну 1988-ж.т. О.К. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө шектүүлөр суралып, алар өздөрүнүн көрсөтмөлөрүндө 2024-жылдын 27-февраль күнү саат 18:00 чамаларында Токтогул районундагы үйлөрдүн биринде спирт ичимдигин ичип отурушуп, сөз талашып уруша кетип, үчөөлөп, ошол жерде алар менен чогуу спирт ичимдигин ичип отурган адамды сабап коюшуп, окуя болгон жерден кетип калышканын билдиришкен»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Количество просмотров: 340