• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Жети-Өгүз районунда 2 жаштагы баланы өлтүрө сабап салышкан

24 Бештин айы 201810:25 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 24.12.2018. Govori.TV.

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда 2 жаштагы баланы өлтүрө сабап салышты.

Райондун прокурору Мирлан Аширбаев маалымдагандай, 23-декабрда райондук ооруканага денесинен оор жараат алган Б.Алим (2017-жылдын 4-июнунда туулган) келип түшкөн. Бир аз убакыттан кийин ал каза болуп калган. Баланы апасы туугандарына таштап, өзү Москвага иштөө үчүн кеткен.

Баланын өлүмүнө шектүү делип 1978-жылы туулган Б.Алина кармалып, ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Аталган факт боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренеси (Саламаттыкка атайылап оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголду. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 66