• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

Ө.Токтонасыров: «Бизге эстеликтин кереги жок. Жүктүн ээсин тапкыла!»

11 Үчтүн айы 201815:08 Бишкек Govori.TV

Бишкек.11.01.18.Govori.TV

2017- жылдын 16-январында Түркиянын ACT Airlines компаниясына таандык Boeing 747 учагы Дача Су айылына кулаган. Кырсыктан экипаждын төрт мүчөсүн кошкондо 39 адам каза болуп,  дагы 15 киши жабыркаган. Эң өкүнүчтүүсү ушул күнгө чейин аталган каргашалуу  кырсыкка ким күнөөлүү? Учактагы жүктүн ээси ким? бүдөмүк бойдон калгандыгы.

Ал эми Дача Суда авиакырсыктан каза болгондорго мемориалдык комплекс курулмакчы. Мемориалдык комплекстин ачылышы авиакырсыктын жылдыгына карата 16-январга пландалган. Буга байланыштуу жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров  «Бизге эстеликтин кереги жок. Жүктүн ээсин тапкыла»-деген пикирин  билдирди.

«Былтыркы 16-январдагы болуп өткөн каргашалуу кырсыкты эстеген сайын каңырыгым түтөп кетет. «Биз эстеликке муктаж эмеспиз. Андан көрө ошол жүктүн ээсин тапкыла. Бизге чындык керек. Чындыктын жүзүн ачкыла!»-деди.  

 

 

 

Количество просмотров: 30