• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Токторбаев: Суудан таза, сүттөн ак деген Кубанычбеков коррупцияга шектелип отурат

19 Үчтүн айы 2022 12:00 Бишкек Govori.TV

Мындай пикирин бүгүн, 19-январда Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев билдирди.

«Өткөндө Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбековду көчөдөн алып келдиңер, эч кандай адистиги жок болчу. Суудан таза, сүттөн ак деп абдан мактадыңар. Айга, Күнгө теңедиңер. Бүгүнкү күндө коррупцияга шектелип отурат. Эдил Жолдубаевич, ал жалгыз жасай албайт, чынжырланып мындан ары кетет»,-деди Токторбаев.

Эске салсак, атайын кызмат Адилет Кубанычбековду коррупцияга айыптап, 17-январда кармаган. Мекеменин маалыматына ылайык, Бажы кызматынын жетекчилиги товарларды импорттоого катышкан жеке компаниялардын кызыкчылыктарын колдоп, аларга жеңилдетилген шарттарды түзгөн. Бажылык тариздөө мыйзамы одоно бузулуп, параны системалуу алып туруу үчүн жашыруун схемалар колдонулганы да аныкталган. Кубанычбековдун бөгөт чарасы 19-январда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда аныкталат деп күтүлүүдө. 

Количество просмотров: 226