Жалал-Абад облусунда жаранды депутат Жеңишбек Токторбаевди сабады деп айыптады. Бул тууралуу 24.kg агенттиги укук коргоо органдарындагы өздүк булактарына таянып жазган.
Алдын ала маалыматтар боюнча, ал жаран Токторбаевге таандык мейманкананын курулушунда иштеген.
«Арызда жабырлануучу аны Жеңишбек Токторбаев сабаганын айткан. Бирок бир нече күндөн кийин депутатка карата дооматтардан баш тартып, дагы арыз жазды. Тастыктоо талап кылынган маалыматка караганда, адамдын денесинде көзгө көрүнгөн жаракаттар болгон эмес. Арыздан баш тартканга чейин милиция экспертиза дайындады», — деп билдиришкен.
Бул тууралуу эл өкүлү үн катып, өзүнүн пикирин билдирди.