2-декабрда Нарын районунун Жан-Булак айылынын жашоочусу Темирбек Мамбеткожоевдин тооканасына сүлөөсүн кирип кеткен. Бул тууралуу Мамлекетик экологиялык жана техникалык инспекциясынын басма-сөз кызматы маалымдады.
Үй ээси тооканасына жапайы мышык кирип кеткенин айтып, Мамлекеттик экотехинспекциясынын Нарын райондук башкармалыгына кайрылган.
Адистер окуя болгон жерге барган кезде аталган жандык Кыргызстандын кызыл китебине кирген сейрек кездешүүчү сүлөөсүн экендигин аныкташкан. Мамлекет тарабынан коргоого алынган бул сүлөөсүндү инспекторлор дыккаттык менен текшеришкен. Аталган жаныбардын эч кандай жаракатты жок болгондуктан Кара-Таш аймагына жеткирилип, сүрөткө тартылып корука коё берилди.