• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Тоолуу Карабактагы Калбажар району Азербайжандын карамагына өттү

25 Жетинин айы 2020 16:36 Бишкек Govori.TV

Бүгүнтөн тартып Тоолуу Карабактагы Калбажар (армянча «Карвачар») району Азербайжандын карамагына өттү.

Тоолуу Карабактагы кагылышууларды токтотуу боюнча үч тараптуу келишимге ылайык, күн мурун Армения аталган райондон аскерлерин чыгарып кетүү жана бардык аскердик инфраструктурасын жок кылуу иштерин аяктаган. 23-ноябрда Армениянын өкмөтү Тоолуу Карабактагы Азербайжанга өтө турган 120 калктуу конуштун тизмесин жарыялаган. Алардын 16сы Калбажар районунда жайгашкан.

Үч тараптуу келишимге ылайык, Армения Калбажар районун 15-ноябрга чейин Азербайжанга өткөрүп бериши керек болчу. Бирок жай тургундар аймактан чыгып кетүүгө жетишпей калып жаткандыктан, Баку бул мөөнөттүү 25-ноябрга чейин узартууга макул болгон.

20-ноябрда Агдам району Азербайжанга өткөн. 1-декабрга чейин Лачин району Бакунун карамагына өтүшү керек.

9-ноябрда Азербайжан, Армения жана Орусия Тоолуу Карабактагы согуштук аракеттерди толук токтотуу тууралуу келишимге кол коюшкан. Ага ылайык, тараптар ошол күндө ээлеп турган позицияларын сактап калышса, Орусия аймакка өзүнүн тынчтык орнотуу күчтөрүн жайгаштырган.

Количество просмотров: 105