• Бейшемби 16 Теке 2026
  • Четверг 16 Июль 2026

Трамп барымтадагы бардык израилдиктерди кайтаруудан баш тарткан ХАМАСты «тозок» менен коркутту

11 Бирдин айы 202515:20 Бишкек Govori.TV

АКШ президенти эгер Хамас 15-февралда түшкө чейин барымтадагылардын баарын кайтарып бербесе, Израилге ок атышпоо келишимин бузууну сунуштады.

АКШнын президенти Дональд Трамп шейшембиде, 11-февралда, радикал исламчыл ХАМАС кыймылынан 15-февралда түшкө чейин барымтадагы бардык израилдиктерди бошотууну талап кылды. Саат 12:00гө чейин бардык барымтадагылар кайтарылбаса, «Менин оюмча, (элешүү келишимин — ред.) жокко чыгарып, тозоктун баары башталсын», — деди Трамп.

Бир күн мурда Хамастын өкүлдөрү 15-февралга пландалган барымтадагыларды Израилге өткөрүп берүү келишиминин шарттарын аткарбагандыктан кийинкиге калтыруу ниети бар экенин жарыялашкан. Израилдин болжолдуу мыйзам бузуулар тизмесине палестиналыктардын Газа тилкесинин түндүгүнө кайтып келишине жол бербөө жана чатырларды, күйүүчү майларды, дары-дармектерди жана урандыларды тазалоо үчүн жабдууларды алып кирүүгө бөгөт коюу кирет.

Израилдин коргоо министри Исраэл Катц ХАМАСтын чечимин ок атышпоо келишимин «толук бузуу» деп атады жана Газа тилкесиндеги Израилдин күчтөрүн толук даярдыкка келтирди.

Эскерте кетсек, сындарга карабай, 10-февралда Дональд Трамп Газа тилкесин сатып алуу ниетин тастыктады.

Трамп АКШнын союздаштары Иордания менен Египетке анын талаштуу Газа планынын бир бөлүгү катары палестиналыктарды кабыл алуудан баш тартышса, аларга жардам берүүнү “теориялык” жактан токтотобуз деп коркутту.

Өз кезегинде палестиналыктардын өздөрү, бир катар араб өлкөлөрү жана АКШнын батыш өнөктөштөрү Трампты сындап, аны эл аралык укукту бузуп жатат деп айыпташты.

Хамас террордук тобу израилдик барымтадагылардын кезектеги тобун бошотууну жокко чыгарганын жарыялады, деп жазат The Jerusalem Post.

Палестиналык туткундарга кезектеги барымтачыларды алмаштыруу ишемби күнү, 15-февралда болмокчу.

Количество просмотров: 201