• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Трамп кыргызбы? Соцтармакта Америкада болгон тополоң кызуу талкуу жаратты

7 Үчтүн айы 2021 11:24 Бишкек Govori.TV

 Американын Вашингтон шаарында болгон башаламандыктар интернет колдонуучулары тарабынан кызуу талкууга алынды.

Анда айрымдары «президент Дональд Трамп кыргызбы?» деген сыяктуу тамаша пикирлерин жазышууда.

Белгилей кетсек, 6-январда Ак үйдүн жанында президент Дональд Трамптын тарапташтарынын митинги өтүп жаткан. Акцияга бир нече миң адам катышып, былтыр ноябрда өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгын кайра кароону талап кылышкан.

Конгресстин кош палатасы Кошмо Штаттардын шайланган президенти Жо Байдендин шайлоодо жеңишин расмий бекитиш үчүн жыйын өткөрүп жаткан учурда алардын бир тобу Капитолийдин имаратына бастырып киришти.

Жыйын күтүүсүздөн үзгүлтүккө учурап, Конгресстин мүчөлөрү эвуакацияланды. Полиция кырдаалды көзөмөлгө алганга чейин Трамптын тарапташтары Капитолийдин ичин аралап жүрүштү. Ал эми имараттын сыртында миңдеген киши чогулуп турду.

Имаратка бастырып киргендердин айрымдары Трампты колдогон ураандарды чакырып, полиция менен кагылышты.

Имаратты басып алуу учурунда ок жеген аял ооруканада каза болгонун Вашингтондун полициясы ырастады.

Количество просмотров: 4776