• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Трамп Кытайга жардам колун сунду

28 Үчтүн айы 2020 9:06 Бишкек Govori.TV

Трамп Твиттердеги баракчасына «Биз жаңы вирустан улам Кытай менен тыгыз байланыштабыз. АКШда бул илдетке кабылгандар өтө аз санда катталса да, баары бир чочулоо бар. Кытайдын президенти Си Цзинпинге өз жардамыбызды сунуштадык. Бизде мыкты адистер бар» деп жазды.

27-январда Кытайдын премьер-министри Ли Кэцян коронавирус биринчи жолу катталган Ухан шаарына барды.

Кытайда өпкөнү сезгенткен коронавирустан каза тапкандардын саны 81 адамга жетти. Бийлик 3 миңге чукул адам жаңы вирусту жуктуруп алганын ырастады. Расмий Бээжин вакцинасы табыла элек илдеттен улам Кытай Жаңы жылына карата эс алуу күндөрүн үч күнгө узартты. Коркунучтуу илдет башталгандан бери мунайдын баасы кескин арзандап, Кытай валютасынын куну түштү.

Кеминде 60 млн адам жашаган Хубэй провинциясынын Ухан баштаган бир нече шаарында карантин уланып жатат. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башчысы Тедрос Аданом Гебреисус Бээжинге келип, Кытай өкмөтүнүн өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

Адам организминде буга чейин кездешпеген вирустан улам дүйнөнүн бир катар өлкөлөрү коопсуздук чараларын күчөтүп жатышат. Кыргызстан Кытай менен каттамдарды убактылуу токтотконун премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 27-январда өкмөттүк жыйында билдирди.

Булак: Аzattyk.org

Количество просмотров: 432