Венесуэланын өкүлү Мария Корина Мачадо Нобель Тынчтык сыйлыгын алды. Бул тууралуу Нобель комитети билдирди.
Мария Корина Мачадо — Венесуэла парламентинин мурдагы депутаты. Сыйлык ага «Венесуэла элинин демократиялык укуктарын илгерилетүү боюнча тынымсыз эмгеги жана диктатурадан демократияга адилеттүү жана тынчтык жолу менен өтүү үчүн күрөшү» үчүн ыйгарылды.
«Венесуэладагы демократиялык кыймылдын лидери Мария Корина Мачадо Латын Америкасындагы акыркы мезгилдеги жарандык эрдиктин эң көрүнүктүү мисалдарынын бири. Ал бир кезде терең бөлүнүп-жарылган саясий оппозицияда негизги, бириктирүүчү фигурага айланды, бул оппозиция эркин шайлоо жана өкүлчүлүктүү башкаруу талабында жалпы тил табышты», — деп айтылат Нобель комитетинин пресс-релизинде.
Нобель сыйлыгынын лауреаты болууну көздөгөн АКШнын президенти Дональд Трамп сыйлыксыз калды.