• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Оппозиция лидерине Нобель сыйлыгынын ыйгарылышы Венесуэланын Норвегиядагы элчилигинин жабылышына алып келет

14 Тогуздун айы 202522:05 Бишкек Govori.TV

Венесуэла өкмөтү оппозиция лидерине Нобель Тынчтык сыйлыгы ыйгарылгандан кийин Норвегиядагы элчилигин жабуу тууралуу жарыялады. Ал эми өлкө президенти Николас Мадуро Мария Корина Мачадону «жез кемпир» деп атады. Бул тууралуу жергиликтүү El Universal басылмасы билдирди.

Венесуэланын башчысы ошондой эле тынчтык сыйлыгынын лауреатын «калктын 90 пайызы четке кагат» деп билдирди.

Өкмөт «ресурстарды стратегиялык кайра бөлүштүрүүнүн» алкагында Норвегиядагы жана Австралиядагы элчиликтерин жаап, анын ордуна Буркина-Фасодо жана Зимбабведе дипломатиялык өкүлчүлүктөрүн ачарын жарыялады. Буркина-Фасо жана Зимбабве Венесуэланы АКШ менен күчөп бараткан жаңжалда колдоп жатышат.

Норвегиянын ТИМи Нобель комитети өлкөнүн өкмөтүнөн көз карандысыз экенин баса белгиледи. Сыйлык комитетинин катчысы Кристиан Берг Харпвикен Reuters агенттигине элчиликтин жабылышы комитет үчүн көйгөй эмес экенин билдирди.

«Комитеттин алдында Нобель Тынчтык сыйлыгына татыктуу лауреатты тандоо милдети турган. Ал эми Мария Корина Мачадо, албетте, татыктуу жеңүүчү!», — деп кошумчалады ал.

Эскерте кетсек, 2025-жылы Нобель Тынчтык сыйлыгы Венесуэла парламентинин мурдагы депутаты Мария Корина Мачадого ыйгарылган. Сыйлык «Венесуэла элинин демократиялык укуктарын илгерилетүү боюнча тынымсыз эмгеги жана диктатурадан демократияга адилеттүү жана тынчтык жолу менен өтүү үчүн күрөшү» үчүн ыйгарылды.

Количество просмотров: 107