• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Трамп Зеленскийди «диктатор» деп атаган эмесмин деп чыкты

28 Бирдин айы 202521:11 Бишкек Govori.TV

«Мен мынтип айткан эмесмин. Буга ишене албайм жатам», деп Владимир Зеленский «шайлоосуз диктатор» деп жазган Truth Social платформасындагы өзүнүн посту тууралуу Доналд Трамп комментарий берди. Бул тууралуу DW билдирет.

Дональд Трамп 27-февралда Владимир Зеленский тууралуу мурдагы “диктатор” деген сөздөрүнөн баш тартты. АКШнын президенти Ак үйдө Британиянын премьер-министри Кейр Стармер менен болгон жолугушууда журналисттердин биринин суроосуна ушундай жооп берди.

19-февралда Трамп өзүнүн Truth Social платформасындагы постунда Украинанын президенти өз өлкөсүндө “шайлоо өткөрүүдөн баш тарткандыктан” “шайлоосуз диктатор” деп жазган. «Зеленский тездетпесе, анын өлкөсү калбайт», — деп кошумчалаган америкалык лидер. Ошол эле күнү Дональд Трамп Майамидеги митингде сүйлөп жатып бул сөзүн кайталаган.

Количество просмотров: 360