• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Транспорт министринин керек болсо жеке унаасы дагы жок

11 Бештин айы 2018 13:44 Бишкек Govori.TV

Бишкек.11.12.2018.Govori.TV

Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев 833 декларация саясий жогорку кызматты ээлеген адамдардыкы экенин жана элүүдөн ашуун аткаминердин декларациясынан күмөндүү жагдайлар чыкканын билдирген.

Ал эми президентСооронбай Жээнбеков Коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө карата кыргызстандыктарга кайрылуу жасап, “мамлекеттик кызматты өз чөнтөгүн кампайтуу үчүн пайдаланган адамдар мыйзам чегинде жазаланып эле тим болбостон, аларды журт алдында катуу уяткаруу керек.

Коррупция, тек, мыйзамсыз гана болбостон, коомдо элдин ырыскысына суук колунсалган чиновниктер эл аралап баса албай кала тургандай кырдаал түзүлүүгө тийиш”,-деп айткан.

Ал эми Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловдон аталган деклорация тууралуу сураганда, жада калса анын жеке унаасы да жок экени белгилүү болду.

“Кызматтык унаа болгондугуна байланыштуу, жеке унаанын зарылчылыгы жок болгондугуна байланыштуу сатып жибергенмин. Учурда жубайымдын жана баламдын унаасын колдонуп турам”,-деп толук жооп бербей качып кетти.

Количество просмотров: 14