• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Депутаттарга кызматтык унаалар бериле турган болду

3 Чын куран 202515:39 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин 90 депутатына кызматтык унаалар бериле турган болду. Бул тууралуу жобо парламенттин 3-апрелдеги жыйынында жабык каралып, кабыл алынганы белгилүү болду.

Вице-спикер Жамиля Исаева күн тартибиндеги «Кызматтык транспортту колдонуу тартибин бекитүү жөнүндө…» деген маселени окуп баштаганда, дагы бир вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев бул ДСПнын материалдары («Кызматтык пайдалануу үчүн») экенин белгилеп, маселени жабык эшик артында кароону сунуштаган.

Кандай үлгүдөгү унаалар экени жана алардын баасы боюнча маалымат берилген жок.

Ал эми Kaktus.media сайтына спикерге, вице-спикерлерге, комитет төрагаларына, фракциялардын жана депутаттык топтордун лидерлерине Li Xiang L9 үлгүсүндөгү 20, калган депутаттарга Li Xiang L7 үлгүсүндөгү унаалар алынаары белгилүү болгонун жазды.

Эске салсак, парламент депутаттары 2015-жылкы шайлоо алдында элге «кызматтык унаа, батир сыяктуу артыкчылыктардан баш тартабыз» деп сөз берип, шайлоодон кийин убадасын жарым-жартылай аткарышкан.

Количество просмотров: 312