• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Транспорт министрлигинде 1 млрд сомдон ашык мыйзам бузуу аныкталды

29 Үчтүн айы 2024 11:15 Бишкек Govori.TV

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде, анын ведомстволук бөлүмдөрүндө 1 млрд 251 млн 455,6 миң сомдук каржылык тартип бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Эсептөө палатасынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Эсептөө палатасынын кеңешинин отурумунда, Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде, анын ведомстволук бөлүмдөрүндө жана министрликтин карамагында турган мамлекеттик ишканалардын 2021-2022-жылдар аралыгына карата бюджеттин аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыктары тууралуу отчету каралды. Жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыктарынын натыйжасында төмөндөгү финансылык тартип бузуулар, аныкталды.

Аудиттин жүрүшүндө, жалпы, 1 млрд 251 млн 455,6 миң сомдук каржылык тартип бузуулар аныкталды, анын ичинен:

Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттерин аткаруудагы бузуулар жана кемчиликтер – 366 млн 630,3 миң сом;

мүлктү пайдалануудагы бузуулар жана кемчиликтер – 57 млн 283,3 миң сом;

эсептин жана отчеттуулуктун тартибин бузуу – 214 млн 824,1 миң сом;

мамлекеттик сатып алуулар мыйзамын бузуулар – 612 млн 670,5 миң сом;

ченемдик укуктук актылардын жана эл аралык келишимдердин кагылышуусу жана процессуалдык бузулушу – 47,4 миң сом.

Аудиттин жыйынтыктары боюнча :

— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине — сунуштама;

— Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине – сунуштама жана сунуш;

— Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине — отчет, жазма буйрук, сунуштама жана сунуш;

— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигине — сунуштама жөнөтүлөт.

— Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан жол мунай битумунун сатып алынышы боюнча аудиттин тиешелүү материалдарын укуктук баа берүүүчүн, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине жөнөтүлөт.

Количество просмотров: 56