• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Транспорт салыгын төлөбөгөндөргө айып салынды

23 Аяк оона 202413:56 Бишкек Govori.TV


Свердлов районунда кыймылдуу мүлк салыгын толук жыйноону камсыз кылуу боюнча рейддик иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

4-топтогу мүлк салыгын төлөө мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу муниципалдык администрация Мамлекеттик салык кызматынын Свердлов району боюнча башкармалыгынын, Бишкек шаарынын патрулдук милиция башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте, транспорт каражаттарына салык төлөбөгөн адамдарды аныктоо боюнча рейддик иш-чараларды жүргүзгөн. Натыйжада айып пул салуу үчүн 5 акт түзүлдү.

Белгилей кетсек, транспорт салыгын төлөө мөөнөтү 1-сентябрда аяктаган. Транспорт каражаттарына салык төлөөдөн качкандар үчүн айып пулдар: жеке жактар үчүн — 1000 сом, юридикалык жактар үчүн — 5000 сом.

Количество просмотров: 128