• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Транспорт жана жолдор министрлигине Бейшеновдун талапкерлигин жактырылды

22 Үчтүн айы 2019 9:18 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 22.01.2019. Govori.TV

Жогорку Кеңештин тармактык комитеттери Транспорт жана жолдор министрлигине көрсөтүлгөн Жанат Бейшеновдун талапкерлигин жактырды.

Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Эми Бейшеновдун талапкерлигн эртең, 23-январда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында каралат.

Бейшеновду бул кызматка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев сунуштаган.

Мурдагы министр Жамшитбек Калилов орун басары Азимкан Жусубалиев ири өлчөмдө пара алып жаткан жеринен кармалгандыгына байланыштуу өз каалоосу менен кызматтан кеткен.

Учурда аталган министрликтин милдетин Жеңишбек Ногойбаев убактылуу аткарууда.

Количество просмотров: 19