• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

Тротуарларды оңдоо иштери уланууда

19 Аяк оона 202316:24 Бишкек Govori.TV

Исанов көчөсү Жибек-Жолу проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейин жолдун чыгыш тарабынан асфальтка даярдоо иштери аяктады. Фрунзе көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин ирригациялык системаларды орнотуу уланууда. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Маалым болгондой, Исанов көчөсүнүн батыш тарабынан Жибек-Жолу проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейинки эски асфальты сыйрылып, ирригациялык системаны жана бордюрларды орнотуу иштери башталды.

Даярдык иштери толугу менен аяктаган объектилерге аба ырайынын ыңгайлуу шарттарында асфальт-бетон аралашмасын төшөөнү баштоо пландаштырылууда.

Количество просмотров: 62