• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Туладагы кыргыз айлынын тагдыры талданат

27 Теке 2018 9:52 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 27.07. 2018. Govori.TV
Орусиядагы Кыргызстандын элчилиги Орус ТИМИне кайрылып, Туладагы “Ала-Тоо” аталган кыргыз айлынын маселесин чечип берүүнү өтүндү. Бул тууралуу элчилик маалымат таратты.
Анда белгилүү болгондой элчиликтин кызматчылары Туладагы кыргыз айылынын тагдыры боюнча Заокский районунун жетекчилиги менен жолугуп, ошондой эле кыргызстандыктарга жер тилкелерин саткан риелтордук компаниянын өкүлдөрү менен да сүйлөшүү жүргүзүшкөн.
“2016-жылдан тарта Туладагы Заокский районуна караштуу Клищино айылында кыргызстандык мигранттар 478 жер үлүшүн жеке менчикке сатып алып, айрымдары турак жай кура баштаган. Жер ээлеринин жарымынан көбү Орусиянын жарандыгын алган кыргызстандыктар болгон. Бирок, быйыл 29-июнда Заокский районунун депутаттар кеңеши 2016-жылы турак жай курууга берилген жердин статусун жокко чыгарып, жерди айыл чарба багытында өткөрүүнү чечкен. Бул чечимдин мыйзамдуулугун карап чыгууну Орусиянын Тышкы иштер министрлиги менен жергиликтүү бийликтен суранып жатабыз”,-деп айтылат маалыматта.
Количество просмотров: 33