2025-жылы “Тулпар Моторс” заводу 3,8 миңден ашык унаа чогултууну пландоодо. Бул тууралуу КР Экономика жана соода министрлигинин өнөр жай долбоорлорун өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Айгүл Шаршенова Биринчи радионун эфиринде билдирди.
Анын айтымында, бул партиянын басымдуу бөлүгүн автокредиттин алкагында сатуу пландалууда.
Ал белгилегендей, жеке жактардан да, юридикалык жактардан да кайрылуулар бар.
«Таксисттердин автопарктарын жаңылоону каалаган кайрылуулары бар», — дейт Шаршенова.
Башкармалыктын башчысы өткөн жылы 5 айдын ичинде (завод 18-июлда ишке киргенден кийин) 50дөн ашык унаа насыяга сатылганын айтты. Аларды жеке жана юридикалык жактар да сатып алышкан.
«Мамлекеттик органдар тендерсиз эле сатып алышкан», — деди ал.
Эске салсак, «Тулпар Моторс» автозаводунун расмий ачылышы 2024-жылдын 18-июлунда Чүй облусунун Ак-Суу айылында болгон.