• Жума 26 Теке 2024
  • Пятница 26 Июль 2024

Туманбаев: Автобекеттердин мыйзамсыз сатылган жерлерин мамлекетке кайтаруу иштери башталды

17 Бугу 2024 9:01 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги автобекеттердин мыйзамсыз сатылган жерлерин мамлекетке кайтаруу иштери башталды. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, бул иштер президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык жүргүзүлүүдө.

«Садыр Нуркожоевичтин демилгеси менен автобекеттер шаардын сыртына чыгарылат. Бул демилге калаа тургундарына ыңгайлуу шарт түзүү жана тыгындарды азайтуу максатында ишке ашырылууда», — деп жазды ал.

Туманбаев автобекеттердин айрым жерлери жеке тараптарга менчикке берилип, ал эми имараттары оңдолбой эскирип баштаганын белгилеген.

«Өлкө жетекчилеринин колдоосу менен эски автобекеттер толугу менен капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп, мамлекеттик мекемелер жайгаштырылат», — деди ал.

Количество просмотров: 150