• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Турак үйдөн чыккан өрттөн үй ээси ууланып каза болду

10 Жетинин айы 20219:45 Бишкек Govori.TV

Турак үйдөн чыккан өрттөн үй ээси ууланып каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Арча-Бешик конушунун Күйүков көчөсүндө жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн балдар бөлмөсү жана үй тиричилик буюмдары күйгөн. Өрттү өчүрүүгө саат 03:28де 2 бөлүм тартылган. Турак үйдөн чыккан өрт саат 04:25те чектөөгө алынып, саат 05:28де толук өчүрүлгөн.

Өрттүн кесепетинен 1991-жылы туулган жаран көмүр кычкыл газына ууланып, жабыркаган адамды тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Аталган жаран ооруканага жетпей каза болгон. Өрттүн себеби такталууда.

Количество просмотров: 450