Кыргызстанда балдарга арналган «Чыныгы башчы» аттуу китеп жарык көрдү.
«Турар» басмаканасынын жетекчиси Милан Мураталиевдин колдоосунда чыккан 72 беттик иллюстрациялуу китепте курт-кумурскалардын жашоосу, баш каарман Алп Кара Коңуздун айкөлдүгү, башкаларга жоопкерчиликтүү мамилеси, камкордугу сүрөттөлөт.
Жомоктун автору Насыпбек Асанбаев. Сүрөтчүсү Нурбек Жумакалиев. Редактору Ишенбек Султаналиев.
Миң нускада чыккан китеп балдарды кыргыз тилиндеги китептерге кызыктыруу, эне тилин үйрөнүп, эркин сүйлөшүнө салым кошуу максатында жазылган.
Китептин башкы жана арткы беттеринде курт-кумурскалардын сүрөтү тартылып, алардын кыргызча аталыштары кошо жазылган.