• Ишенби 6 Кулжа 2026
  • Суббота 6 Июнь 2026

Турдубаева: Алдыга койгон максаттарым көп

3 Кулжа 202413:39 Бишкек Govori.TV

29-30-31-май күндөрү “GOVORI.TV” агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында он экинчи тренингин өткөрдү. Ага өлкөбүздүн булуң-бурчунан айылдык кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активист, жеке ишкер жана мамлекеттик кызматкерлер келген.

Алардын бири Эльзада Турдубаева алдыга койгон максаттары көп экенини айтып, бул тренинг аркылуу көптөгөн кыйын айымдар менен таанышканын кошумчалады.

«Долбоордон өзүн алып жүрүү, ораторлук чеберчилик өңдүү бир катар тармактар боюнча билим алдык. Өз тармагын мыкты билген адистер сабак өтүштү. Кыйындан алган билимимди Россиядагы диаспоранын жаштар канатында иштешем ошол жакка барып, билимимди командам менен бөлүшсөм дейм», -деди ал.

Количество просмотров: 84