Мелис Турганбаев Күрөш федерациясынын башчылыгынан кетти. Бул тууралуу өзү социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Ал 1998-жылдан бери Спорттук күрөш федерациясын жетектеп келгенине токтолуп, өлкөгө кызмат кылууга аракет кылганын жазган.
«Ар нерсенин өз учуру болот эмеспи, ошондуктан, 26 жылдан бери федерациянын жүгүн көтөрүп келгендиктен, жаштарга кезек берүү максатында аларга жол бошотуп, федерация жетекчилигинен кетүү чечимин кабыл алдым. Бирок, бала кезден бери күрөш дүйнөсүндө өсүп-жетилип, ушул даражага жетишиме себепкер болгон спорт чөйрөсүнөн биротоло кетпей, жаштарга эл аралык деңгээлде кеңештеримди айтып, бай тажырыйбамды бөлүшүп турам», — деген Турганбаев.
Ал 2021-жылы Күрөш федерациясынын президенти болуп шайланган.