• Жума 17 Теке 2026
  • Пятница 17 Июль 2026

Турганбаев Күрөш федерациясынын жетекчилигинен кетти

4 Аяк оона 202420:03 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын Күрөш федерациясынын президенти Мелис Турганбаев бул кызматтан кетти. Маалымат федерациянын фейсбуктагы баракчасына чыкты.

Ал 2021-жылдын 3-декабрында 2024-жылдын аягына чейин Олимпиадалык циклге Күрөш федерациясынын президенти болуп шайланган.

Мелис Турганбаев 2012-жылдан 2021-жылга чейин бул уюмда вице-президенттик кызматты аркалап келген.

Количество просмотров: 105