Бишкек.18.05.2019.Govori.TV.
Бүгүн, 18-майда Ысык-Көл облусундагы 2019-жылкы жайкы туристтик сезондун расмий ачылыш аземи өтүүдө. Ошондой эле «ITF-Ысык-Көл» 19-эл аралык туристтик жармаңке фестивалы менен коштолууда.
Фестивалга Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жамангулов баштаган ар кайсы өлкөлөрдүн туристтик агенттиктеринин адистери, чет элдик инвесторлор, дүйнөлүк туристтик индустриянын адистери, ошондой эле жергиликтүү жана чет элдик туристтик компаниялардын, пансионаттардын, мейманканалардын, авиакомпаниялардын өкүлдөрү, ошондой эле журналисттер катышууда.
Иш-чаранын негизги максаты башка мамлекеттер менен туристтик бизнес байланыш түзүү, чет элдик туристтерди тартуу жана эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү болуп саналат.
Белгилей кетсек, быйылкы туристтик сезондун ачылышы жылдагыдан кеч башталды.