29-30-31-май күндөрү “GOVORI.TV” агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында он экинчи тренингин өткөрдү. Ага өлкөбүздүн булуң-бурчунан айылдык кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активист, жеке ишкер жана мамлекеттик кызматкерлер келген.
Алардын бири Мээрим Турсуналиева долбоордон соң билим куржунун толтуруп кетип бара жатканын белгиледи.
«7 дубандан келген күчтүү-күчтүү айымдар чогулуптурбуз. Ошонун ичине мен Нарын облусунан тандалып алынганыма кубанычтамын. Чынында 3 күндүк тренинг аз болуп калды. Өзүм жеке бул долбоордон билим куржунумду толтуруп кетип жатам, мунун баарын жашоомдо колдоном», — деди ал.