Бишкек.23.08.2019.Govori.TV.
Бүгүн, 23-августта Кыргыз Мамлекеттик Тарых музейинин алдында Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Турсунбай Бакир уулу менен Арстан Алайдын жолукканы фейсбук баракчага жарыяланды.
Белгилей кетсек, Турсунбай Бакир уулу Арстан Алайды «эркекче сүйлөшүп алууга» чакырып,аны Тарых музейинин кызматкерлеринин колуна салып берүүнү убада кылган. Жолугушуу учурунда экс-депутат менен Арстан Алай музейдин алдына барганда аталган имарат жабык болгон. Буга байланыштуу Арстан Алай өзүнүн нааразычылыгын билдирип, басып кеткенин көрүүгө болот. Ал эми Турсунбай Бакир уулу кийинки күнү сөзсүз өткөрүп бере турганын кошумчалады.
Эске салсак, экөөнүн пикир келишпестиги диний көз карашта дал келбейт. Турсунбай Бакир уулу өзүн мусулман деп эсептесе ал эми Арстан Алай теңирчи экенин айтып келет.