• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Турсунбек Акундун оозун ким жапты

20 Бугу 201911:44 Бишкек Govori.TV


Бишкек.20.05.2019.Govori.TV. Т

Укук коргоочу Турсунбек Акун кайрадан сурак берип чыкты. Ички иштер министрлигинин тергөө кызматынын чакыруусу менен барган укук коргоочу, Президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарынбаев менен бетме-бет жолукту. Бирок, ал жерде эмнелер жөнүндө сөз болгону туурасында Турсунбек Акун айта албай тургандыгын билдирди. Себеби, ал сурак берүүдөгү сөздөрдү коомчулукка жарыялабоо боюнча докуменке койгон экен.

Эске салсак, Азиз Батукаевдин өлкөдөн чыгып кетүүсүнө байланыштуу иш кайрадан жанданып, ишке катыштыгы бар делгендер сурак берүүдө. Буга чейин Турсунбек Акун эки жолу тергөө кызматынын суроолоруна жооп берип чыкканы туурасында коомчулукка билдирген. Анда, ишке тиешеси бар жаңы фигуралардын атын атаган. Алар Данияр Нарынбаев, Бузурманкул Таабалдиев жана Алмазбек Атамбаев.

Количество просмотров: 19