Бишкек.28.06.2019.Govori.TV.
Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Чыныбай Турсунбеков Алмазбек Атамбаевге карата эмне себептен каршы пикир айтпаганынын жөнүн айтты.
“Буга чейин Атамбаев айрымдарды сөгүп же курсакка чаап койсо сүйүнүп жүргөндөр бар болчу. Ал эми бүгүн, алар Атамбаевдин сөзүнө арданып жатышат. Экс-президенттин тушунда анын жасаган иштерин КСДПнын атынан айтып жүргөн депутаттардын бири менмин. Ошондуктан ага каршы пикир айтууга адамдык жеке сапатым жол бербейт”,-деди Ч.Турсунбеков.