• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Турцияда жаш кызга сексуалдык ыдык көрсөткөн түрк жараны Кыргызстанда кармалды

16 Жалган куран 2020 13:18 Бишкек Govori.TV

Түркияда өсүпүрүм кызга асылган А.С. аттуу 36 жаштагы жаран Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын биринде кара жумушчу болуп иштеп жүргөн. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

«Түркиянын жараны ИИМдин экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы кызматы тарабынан кармалды. Анын 2018-жылдан бери Кыргызстандын аймагында жүргөнү аныкталган. Шектүү соттун чечими менен бир айга убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Шектүү Түркиянын укук коргоо органдары тарабынан Интерпол аркылуу изделип жаткан», — деп айтылат маалыматта.

Учурда аны экстрадициялоо маселеси каралып жатат.

Количество просмотров: 450