• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Туруксуз аба-ырайы күтүлөт. ӨКМ шашылыш билдирүү таратты

10 Тогуздун айы 2023 12:51 Бишкек Govori.TV

13-15-октябрда Кыргызстандын аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлүп, 13-октябрда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын областарынын көпчүлүк аймактарында жаан, Чүй, Талас областарынын тоо этектеринде жаан карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

ӨКМ тараткан маалыматка ылайык, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 12-октябрда күндүз, 13,14-октябрда айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

  • Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6°, айрым жерлерде 0..-2°, күндүз 5… 10°;
  • Талас облусунда 1. 6°, айрым жерлерде -1…-3°, күндүз 4…9°;
  • Чүй, Талас областарынын тоо этектеринде түнкүсүн 1…6°, айрым жерлерде-1..-3°;
  • Ош, Жалал-Абал. Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 2… 7°,
  • күндүз 11…16°;
  • Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 1…6°, айрым жерлерде 0…-20, күндүз 5… 10°;
  • Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында -3…+2°, күндүз 4…9° жылуу, тоолуу райондордо түнкүсүн -2…-7° суук, күндүз 1…6°.

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -8…-13°, күндүз — 1…-6° суук болушу күтүлөт. Мындай туруксуз аба-ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Мөмө-жемиш жана жашылча жемиштерди үшүк алып кетүү коркунучу бар.

Количество просмотров: 1110