• Шейшемби 21 Теке 2026
  • Вторник 21 Июль 2026

Өлкөдө 3800 үй-бүлө жер көчкү коркунучу бар аймактарда жашайт

21 Теке 202617:28 Бишкек Govori.TV

2026-жылдын 30-мартына карата республика боюнча 3800 үй-бүлө жер көчкү коркунучу бар аймактарда жашайт. Алардын 2415и мамлекет тарабынан жер тилкеси жана жардам берилгенине карабастан, кооптуу аймактан көчө элек. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматта айтылгандай, эң көп көрсөткүч Ош облусунда катталган. Облуста 2396 үй-бүлө жер көчкү кооптуу аймактарда жашайт. Алардын 1475и коопсуз жерге көчүп чыга элек.

Жер көчкүлөр негизинен жаз айларында кардын эриши жана нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен активдешет. Бирок күз мезгилинде да узакка созулган жаан-чачындын айынан жер көчкү жүрүү коркунучу сакталат.

ӨКМ жарандарды жер көчкү кооптуу аймактарда жашабоого, расмий эскертүүлөрдү так аткарууга жана өз убагында коопсуз жайга көчүүгө чакырат.

Количество просмотров: 24