• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Турусбеков: «Кумтөрдө» 19дан ашык адам каза болгон

17 Бугу 2021 17:14 Бишкек Govori.TV

«Кумтөр» кени иштетилип баштаган 1996-жылдан ушул убакка чейин техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам 19 адам көз жумуп, 47 киши майып болгон. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Турусбеков билдирди.

«Кумтөр көп жылдан бери чоң көйгөй болуп келген. Мына 30 жыл аралыгында канча деген комиссия түзүлдү. Кумтөрдун артынан канча деген өкмөт, президент кетти. Бүгүнкү күндө Кумтөрдүн ишин иликтеген комиссия чоң жумушту аткарды. Эл күтүп жатат, элдин талабы дагы ушул. Мамлекеттик комиссия маалымдагандай, Кумтөрдөн 410 тоннадай алтын чыгарылган экен. Буга чейин деле түзүлгөн атайы комиссиялар бузууларды аныктаган. Деген менен мамлекетти башкарган президент менен премьер-министрлер аралашып, өзгөрүүлөр болуп кеткен. Кумтөрдү иштеткен чет элдик компания 11 млрд долларды иштетип, биздин бюджетке 1,5 млрд доллар каражат таштаган. Башкача айтканда, он сомдун тогузун чыгарып, бир эле сому өлкөгө калып жаткандай. Ошол эле учурда мөңгүлөргө байланыштуу дагы сын-пикирлер болуп жатат. Кумтөр кени иштетилип баштаган 1996-жылдан ушул убакка чейин техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам 19 адам көз жумуп, 47 киши майып болгон. 1998-жыл — эң трагедиялуу болду. «Кумтөр Оперейтинг Компанинин» жүк ташуучу унаасы жол кырсыкка учурап, анын кесепетинен 1740 кг цианид Барскоон суусуна төгүлгөн. Анын кесепетинен 2000дей киши жабыркап, 2 адам каза болгон»,-деди депутат.

Эске салсак, 7-май күнү Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту «Кумтөр Голд Компани» ишканасын экологияга тийгизген залакасы үчүн деп мамлекетке 261 миллиард 719 миллион 674 сом (3 миллиард доллардан көбүрөөк) төлөөгө милдеттендирген.

Ага чейин Жогорку Кеңеш министрлер кабинетине ишкананы сырттан башкарууга мүмкүндүк бере турган мыйзам долбоорун жактырган. Президент Садыр Жапаров 14-майда бул мыйзамга кол койгон.
Мындан улам канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы Кумтөр кенине байланышкан окуяга комментарий берген. 11-май күнү УКМК «Кумтөр голд компани» ишканасынын жетекчилери Кыргызстандан чыгып кеткенин билдирди.

Ал арада «Кумтөрдүн» ишин иликтеген мамкомиссия Centerra Gold Inс. менен кенге байланыштуу бардык келишимдерди жокко чыгарууну сунуштады. Анда 3,086 миллиард экологиялык зыян жана 1,166 миллиард салык төлөмдөрү боюнча, жалпысынан 4,3 миллиард доллар боюнча доо арыз берүү каралган.
Кумтөр Кыргызстандагы эң ири алтын кени — анын аянты 26,3 миң гектарды түзөт. Кенди 1992-жылдан бери канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы иштетип келет.

Количество просмотров: 102