• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Тууганы сабаган баланын окуясы териштирилет

28 Кулжа 2022 9:01 Бишкек Govori.TV

Ош облусунун Алай районунда туугандары тарабынан сабалган наристенин окуясы иликтенет. Бул тууралуу Акыйкатчы Атыр Абдрахматова билдирди.

«Алай райондук ички иштер бөлүмүнүн алдын ала маалыматы боюнча, баланы Алай аймактык ооруканасына туугандары алып келишкенде денесинде көгала тактар ​​болгон. Райондук милиция териштирүү иштерин жүргүзүүдө. Акыйкатчы институтунун Ош облусу боюнча өкүлчүлүгү жерине барып, Акыйкатчынын ыйгарым укуктарынын алкагында иликтөө жүргүзүшөт» , — деди Атыр Абдрахматова.

Белгилей кетсек, Алай районундагы Сары-Могол айылында үч жашар наристе тууганы тарабынан сабалганын укук коргоочу Назгүл Турдубекова 27-июнда кабарлаган.

Ал Акыйкатчы институтунан окуя боюнча иликтөө жүргүзүп, укуктук баа берүүнү талап кылды.

«Баланын ата-энеси ажырашып, апасы Бишкекке иштегени кеткен. Бала тууганынын колунда калган. Алдын ала маалымат боюнча, балага кол көтөрүп жүргөн, денесинде күйүк бар», — деп жазган Турдубекова.

Количество просмотров: 238