• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Туура эмес жерге таштанды таштагандарга айып салынат

5 Бештин айы 2023 16:15 Бишкек Govori.TV

Свердлов районунда санитардык нормаларды бузгандарды аныктоо, анын ичинде таштандыларды белгиленбеген жерлерге чыгаруу боюнча рейддик иш-чаралар күчөтүлүүдө. Бул тууралуу мэрия кабарлады.

Маалыматка караганда, Свердлов районунда жеке секторлордо «Тазалык»муниципалдык ишканасы ишке ашырып жаткан таштандыны чыгаруунун (үймө-үй ташып чыгаруу) өз графиги белгиленген. Чарбакер субъекттерге келсек, алар таштандыны чыгаруу боюнча муниципалдык ишкана менен келишим түзүшү керек.эрежелерди бузгандарды аныктоо боюнча рейддик иш-чаралар туруктуу негизде жүргүзүлөт.

Муниципалдык администрация шаардыктарды жана борбордун конокторун Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелерин сактоого чакырат жана Кыргыз Республикасынын «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 115-беренесине ылайык, таштандыларды туура эмес жерге таштоо жана өрттөө үчүн эсептик көрсөткүчтүн 55тен 230га чейинки (5500дөн 23000 сомго чейин) өлчөмүндө айып пул каралгандыгын эскертет.

Количество просмотров: 68