• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Twitter бөгөттөлгөн аккаунттарды калыбына келтирет

25 Жетинин айы 2022 17:06 Бишкек Govori.TV

Twitter келерки аптада бөгөттөлгөн аккаунттарды кайра калыбына келтирет. Бул тууралуу компаниянын башчысы Илон Маск билдирди.

Анын айтымында, бул мунапыс мыйзам бузгандарга жана спам таратуучуларга колдонулбайт.

20-ноябрда Илон Маск АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамптын баракчасын калыбына келтирген.

Дональд Трамтын Facebook, Instagram жана Twitter түйүндөрүндөгү баракчалары 2021-жылы январда бөгөттөлгөн. Анда президенттик шайлоонун жыйынтыктары менен макул болбогон Трамптын тарапташтары Капитолий имаратын басып алып, бир нече киши өлгөн. Бул окуядан кийин жогорудагы соцтармактардын жетекчиликтери Трамп өз аккаунттары аркылуу тарапташтарын башаламандыктарга чакырган деген жыйынтыкка келишкен.

SpaceX’тин жана Tesla’нын ээси Илон Маск Twitter түйүнүн 28-октябрда 44 миллиард долларга сатып алган.

7-ноябрда БУУнун адам укуктары боюнча комитетинин башчысы Волкер Тюрк Илон Маскка кайрылып, Twitter’ди башкарууда адам укуктары негизги орунда болушу керектигин айткан.

Илон Маск Twitter’ди сатып алып, андагы кызматкерлердин дээрлик жарымын – 3700үн иштен алган. Bloomberg агенттиги кабарлагандай, персоналдын бир бөлүгү иштен кеткенин электрондук почтасына келген каттан билсе, көпчүлүгү корпоративдик системаларга кирүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылгандан кийин билишкен.

Бир нече күндөн кийин Bloomberg Twitter жетекчилиги кызматтан бошотулган айрым кызматкерлерди кайра ишке чакырганын жазган. Жетекчилик айрым кыскартуулар ката болгонун мойнуна алган.

Количество просмотров: 109