Бишкек.12.07.2019.Govori.TV
Twitter социалдык түйүнүнүн иши бүткүл дүйнө боюнча убактылуу үзгүлтүккө учурады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.
Маалыматка ылайык, социалдык түйүндүн ишине карата арыздануулар АКШ, Бразилия, Батыш Европа өлкөлөрү жана Жапониядан түшкөн. Анда Twitter лентасын ачуу учурунда жеке компьютердин браузеринен техникалык маселе жаралганы туууралуу эскертүү пайда болуп, мобилдик тиркемеде дагы көйгөйлөр жаралып жатканы айтылган.
Учурда компания социалдык түйүндүн иши эмне себептен үзгүлтүккө учурап жатканын ачыктай элек.