• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Тыныбекова япониялык атаандашын утуп, чейрек финалга өттү

4 Тогуздун айы 202115:53 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер арасында күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында алгачкы атаандашын жеңип алды. Тыныбекова 62 кг салмакта мелдештин 1/8 финалынан баштап катышып, япониялык Нонока Озакини 6:4 эсебинде утуп алды. Бул жеңиши менен мекендешибиз мелдештин чейрек финалына чыкты.

Эскерте кетсек, спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты 2-10-октябрда Норвегиянын Осло шаарында өтүүдө. Ага Кыргызстандын атынан 15 балбан аттанган.

Количество просмотров: 591