• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Тышкы иштер министри кызматына Жээнбек Кулубаев дайындалды

30 Чын куран 202212:15 Бишкек Govori.TV

Тышкы иштер министри кызматына Жээнбек Кулубаев дайындалды. Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун басма сөз кызматы маалымдады.

Жогорку Кеңеш 27-апрелдеги жыйынында тышкы иштер министри кызматына Жээнбек Кулубаевдин талапкерлигин бир добуштан колдогон. Кулубаев 23-апрелден тартып тышкы иштер министринин милдетин аткарып жаткан.

22-апрелде мурдагы тышкы иштер министри «башка ишке өткөнүнө байланыштуу» деген негизде Руслан Казакбаев кызматынан кеткен.

Количество просмотров: 142