• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Тышкы иштер министри жаңы орун басарлуу болду. Ал мурда коррупцияга шектелип кармалган

30 Тогуздун айы 202421:19 Бишкек Govori.TV

Министрлер Кабинети тараткан маалыматка ылайык, Тышкы иштер министринин орун басары болуп, Темирбек Эркинов дайындалды. Тиешелүү буйрукка Акылбек Жапаров кол койгон.

Темирбек Эркинов буга чейин Акылбек Жапаровдун жардамчысы болгону белгилүү. Мындан тышкары ал кыргыз — венгер өнүктүрүү фондунун жетекчиси болгон.

2023-жылдын май айында Т. Эркинов коррупциялык иштин алкагында УКМК кызматкерлери тарабынан кармалган. Кийин ал өз айыбын мойнуна алып, тергөө менен кызматташа тургандыгына байланыштуу СИЗОдон бошотулган.

Количество просмотров: 274