• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Тышкы иштер министрлиги кыргызстандыктарды Израилге, Ливанга барбай тургула деди

25 Аяк оона 202413:32 Бишкек Govori.TV


Тышкы иштер министрлиги Израиль жана Ливандагы окуяларга байланыштуу Кыргызстандын жарандарын аталган өлкөлөргө барбай турууга чакырат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Израиль менен Ливанда жайгашкан жарандар өздөрүнүн коопсуздук чараларын күчөтүшү керек, ошондой эле мүмкүн болсо, аймактагы кырдаал турукташканга чейин жогоруда аталган өлкөлөрдөн чыгып кетүүсү зарыл.

Шашылыш билдирүүлөр үчүн Кыргыз Республикасынын Кувейт мамлекетиндеги (+96525359951), Түркия Республикасындагы (+905456896800) элчиликтеринин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин консулдук департаментинин ишеним телефондору иштейт. (+996 999312002), ал аркылуу Кыргызстандын жарандары жардам же кеңеш ала алышат.

Количество просмотров: 84