• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Тышкы иштер министрлигине жетекчи сунушталды

17 Тогуздун айы 2018 12:36 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 17.10.2018. Govori.TV
Бүгүн, Жогорку Кеңештин жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Тышкы иштер министри кызматына Чыңгыз Айдарбековду сунуштады.
Депутаттар талапкерге түрдүү суроолорду берип, айрымдары англис тилин канчалык деңгээлде билүүсүн сурады.
Мыйзамга ылайык, өкмөт мүчөсү иштен кетсе, премьер-министр жаңы талапкерди парламентке сунуш кылат. Жогорку Кеңештин чечиминен кийин президент жарлык чыгарат.
Кошумчалай  кетсек, Чыңгыз Айдарбеков 41 жашта. 1977-жылы Бишкек шаарында туулган.
Жогорку билимге ээ. 1998-жылы Кыргызстандын эл аралык университетин аяктап, “Эл аралык байланыштар” боюнча адистигине ээ болгон. 2001-жылы – ошол эле университетте “Юриспруденция” боюнча магистратураны бүтүргөн.
Количество просмотров: 22