• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Тышкы карыз канча? Кийинки беш жылда эмне болот?

4 Аяк оона 202412:33 Бишкек Govori.TV

Жакынкы беш жылда, тагыраак айтканда 2029-жылга чейин Кыргызстанда карыздын туруктуулугунун көрсөткүчтөрү жакшырат деп күтүлүүдө. Бул тууралуу Финансы министрлигинин 2025-2029-жылдарга фискалдык саясаттын негизги багыттары боюнча баяндамасында айтылды.

Үстүбүздөгү жылдын жана кийинки беш жылдыктын жыйынтыгы боюнча министрликтин божомолуна ылайык, Кыргызстандын тышкы карызы төмөнкүдөй болот:

  • 2024-жылы — 4 миллиард 737 миллион доллар;
  • 2025-жылы — 4 миллиард 698 миллион доллар;
  • 2026-жылы — 4 миллиард 652 миллион доллар;
  • 2027-жылы — 4 миллиард 537 миллион доллар;
  • 2028-жылы — 4 миллиард 348 миллион доллар;
  • 2029-жылы — 4 миллиард 59 миллион доллар.

Карыздын туруктуулугуна ИДПнын өсүшү, товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн экспортун көбөйтүүнүн, ошондой эле тышкы карыздын негизги суммасынын бир бөлүгүн жабуунун эсебинен жетишүүгө боло тургандыгы белгиленген.

Ошол эле учурда Кыргызстандын ички карызы 2024-жылдагы 1,7 миллиард доллардан 2029-жылы 2,1 миллиард долларга чейин көбөйөт.

2029-жылдын акырына чейин жалпы мамлекеттик карыз 6,1 миллиард доллардын тегерегинде болот.

Количество просмотров: 243