• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

U-20: Кыргызстандын хоккей боюнча жаштар курамасы алдыга чыкты

22 Үчтүн айы 202617:11 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын хоккей боюнча жаштар курама командасы катары менен үчүнчү жолу жеңишке жетти.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, 21-январда турнирдин үчүнчү айлампасында Кыргызстандын курама командасы Ирандын курамасын 15:1 эсебинде ири жеңишке жетишти. Биринчи бөлүктө 8:0 эсебинде алдыга чыкты.

Бул беттеште Алихан Али-Аскаров төрт шайба, Умар Эгембердиев менен Егор Лещенко үчтөн шайба киргизүү менен айырмаланды.

Үч айлампанын жыйынтыгында Кыргызстандын жаштар курама командасы 9 упай топтоп, турнирдик жадыбалда ишенимдүү түрдө биринчи орунду ээледи.

Белгиленгендей, бүгүн саат 20:00дө Кыргызстандын курамасы Люксембургдун курама командасына каршы ойнойт.

Теги:
Количество просмотров: 179